24 жаштагы Алтынбек чүкө менен ойнолуучу улуттук оюндарды кеңири жайылтуунун аракетинде. Азыр ал чүкөлөрдү ар кыл түскө боёп, баштыкчага салып сатуунун жолун өздөштүрдү. Жакынкы келечекте чүкөгө чет элдик туристтердин көңүлүн бура турган мыкты идеяларын ишке ашырганы турат.
Алтынбек бир жылдан бери чүкөлөргө ар кандай өң берип, аларды кардарлардын буйрутмаларына жараша даярдап берет. Айтымында, кызыл, жашыл, көк түстөгү чүкөлөрдү алуу үчүн суу, туз, уксуз жана атайын боек керек.
Алтынбек чүкөлөрдү ар кандай түскө боёо менен бирге аларды салганга өзгөчө баштыктарды дагы даярдайт. Кездеме баштыкчаларды апасы тигип берсе, булгаарыдан жасалгандарын өзү даярдайт. 30дан чүкө салына турган кездеме баштыкчалардын баасы 450 сом. Ал эми 100, 50, 20 чүкө баткан булгаары баштыктар, чүкөнүн санына жараша сатылат.
Адегенде көпкө чейин чүкөлөргө каалагандай түс бере албай кыйналган Адилет азыр иштин көзүн билип, бара- бара жаңы идеяларды киргизүүдө. Чүкөлөр тууралуу кыргыз жана англис тилдеринде маалымат жазып, атайын энбелги чыгарды. Чүкөлөрдү түркүн түскө боёгон каарманыбыз жакындан бери булгаарыдан да капчыктарды сатыкка чыгара баштады. Ар кандай ойлорго бай Алтынбек жакынкы келечекте чоң баштыктарды даярдап, сатыкка чыгарууну көздөп турганын айтат.
Ошол эле учурда Алтынбек чүкө тууралуу колдонмо китепчелерди даярдоонун үсүндө иштөөдө. Бул чет өлкөдөн келгендер үчүн ыңгайлуу болуп, кыргыздын чүкө менен ойнолуучу улуттук оюндарды жайылтууга аны туура эрежеси менен колдонууга мүмкүндүк берет.
www