Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда кырсык катталып, бир киши жабыркады
Новость www

Баткен облусунун Лейлек районунда 30-сентябрь күнү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымындагы Кара-Суу айылында "Honda Fit" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.