Ош шаарында санитардык талаптар сакталбаган эки шайлоо участкасына айып пул салынды
Новость KTRK/videograp

Шайлоо түйүндөрүндөгү санитардык талаптарды сактоодо мүчүлүштүккө жол берген эки шайлоо участкасына Ош шаардык санэпидкөзөмөл кызматы айып пул салды. 1,5-2 метрдеги аралыкты сактабаган мындай учурлар айрыкча калк көп жашаган аймактагы шайлоо бекеттеринде орун алган. Ал эми, добуш берүүчү жайларда бул талапка өзгөчө көңүл бурулууда. 

Ар бир добуш берүүчүнүн дене табы текшерилип, колкап, беткап менен камсыздалууда. Чукул медициалык жардам көрсөтүү талап кылынган маалда ар бир шайлоо түйүнүндө бирден дарыгер бекитилген. 

Айрым бекеттерде дезинфекциялоочу тоннелдер орнотулган. Операторлор коргонуучу медициналык каражаттар менен камсыздалган. Мындай тартип шайлоонун жүрүшүнө байкоочулук милдетти өтөп жаткандар арасында да сакталууда.