ӨКМ: жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады
Новость www

Чүй облусунун Чүй айылынын С.Ибраимов көчөсүндө “Volkswagen Passat” жана “Chevrolet” унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. 

Натыйжада 2000-жылы туулган 1 кыз жабыркаган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.