Бишкек шаарынын коменданты президентке өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды
Новость www

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды. 

Жолугушууга ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды. 

Президент бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгиледи. Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаардын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.