Оштогу ишканаларда 60 жаштан өткөн курактагылар онлайн режимде иштешет
Новость

Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга жарандык коргонуу штабынын башчысы, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жана штабдын мүчөлөрү катышты.

Коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-мааракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу  тапшырмалары берилди.

Шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөөсү боюнча чечим кабыл алынды. 

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда. Жыйында абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды. 

Шаардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, милиция жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында шаар боюнча 7 жумушчу топ түзүлгөн.