Оштогу вирусологиялык лаборатория үзгүтүксүз иштеп, коронавирусту аныктоо үчүн кайрылгандар ыкчам тейленүүдө. Өлкөдө коронавирусту алгачкылардан болуп аныктаган Оштогу бул лаборатория жаңы заманбап жабдык менен иш алып барууда. Анализге кезек күтүү же тоңдурулган учур каттала элек. Ошол эле учурда чек ара өткөрмө жайларындагы санитардык-карантиндик бекетте иштеп жаткан адистер жергиликтүү бийликтен жардам сурайт.