Бишкек шаардык соту: Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды
Новость www

Массалык башаламандыктарды уюштурду деген кине менен кармалган Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бүгүн шаардык сотто отурум болуп өтүп, соттун чечими менен Темирлан Султанбековду үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал №1 тергөө абагына эки айга 10-декабрга чейин камакка алынган.