Кыргыз-казак чек арасынан жашы жете элек жарандар паспорт менен гана өткөрүлө баштайт
Новость www

20-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларынан паспорт менен гана өткөрүлө баштайт. 

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей мындай тартип 2012-жылдын 11-майындагы Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби" жөнүндөгү макулдашуусуна кирген өзгөртүүлөргө ылайык жүргүзүлүүдө. Ага ылайык 18-августтан тартып протокол менен киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу 20-октябрдан баштап Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандары мамлекеттик чек арадан паспорттор менен гана өткөрүлөт. Буга байланыштуу Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документ болуп эсептелбейт, ага Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамы да кирет", - деп билдирет Чек ара кызматы.