Ысык-Көл районунун Бостери айылында мурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси болгон дин кызматкери марихуна менен кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, милициянын опер кызматкерлери "Притон" операциясынын жүрүшүндө баңгизат колдонгон адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды өткөрүшкөн.
Анын жыйынтыгында Бостери айылында 47 жаштагы жергиликтүү тургун, диний кызматкер М. Октябрь атуу жаран кармалган. Анын сүннөт кийген кийиминин чөнтөгүнөн кездемеге оролгон 185 грамм марихуана табылган.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, кармалган диний кызматкер буга чейин эле баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактоого айыпталып соттолгон. Ал 9-июнда 53 грамм марихуана менен кармалып кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, буга чейин көп убакыт криминалдык чөйрөдө жүргөнү жана бир нече жолу карактоого айыпталып соттолгону белгиленет. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө уланууда.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118