Жогорку Кеңеш өзгөчө абал токтомун жокко чыгарды
Новость www

Депутаттар Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу Президенттин Жарлыгын бекиткен Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарды.

Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу Президенттин Жарлыгын бекиткен Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, Президенттин Жарлыгына ылайык Бишкек шаарынын аймагына 2020-жылдын 12-октябрынан 19-октябрына чейин өзгөчө абал киргизилген.