Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты
Новость KTRK/videograp

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев эмне себептен отставкага кеткен президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрүп берди. 

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып жана парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү юридикалык жактан аяктап бара жатканына байданыштуу Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруу укугунан баш тартам. Мен өз убактымды, күч-аракетимди парламенттин иштерине арноону туура көрдүм", — деди Исаев. 

Кыргызстандын Башкы мыйзамынын 68-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек.