Тажрыйбалуу пульмонологдордон турган топ онлайн кызмат көрсөтө башташты
Новость KTRK/videograp

Тажрыйбалуу пульмонологдордон турган топ түзүлгөн күндөн тарта эле ондогон бейтаптарды кабыл алып, кызмат көрсөтө башташты. Кабыл алуу аралыктан жүргүзүлөт. Онлайн байланыш аркылуу бейтап өзү тууралуу маалыматтарды жана оорунун белгилерин толук айтып бериши керек.

Биз биринчиден бейтапты тынчтандырганга аракет кылабыз, анткени кайсы бир оорунун белгилери пайда болсо эле адамдар чуу түшүп, туура эмес аракеттерди жасап жиберишет. Адам өзүн өзү дарылаганга өтпөшү керек, алгач дарыгерлердин кеңешин алуусу абзел. ))

Пульмонология бөлүмүнүн башчы Талантбек Сооронбаевдин айтымында, консультативдик топко 20дан ашык тажрыйбалуу дарыгерлер кирди. Алардын аракети башка ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишин бир топ жеңилдетмекчи.


Дарыгерлердин кеңешин ар бир жаран алса болот, консультативдик топ эртең мененки тогуздан кечки сегизге чейин иш алып барышат. Видеобайланыш аркылуу бейтаптар дарыгерлер менен аймактардан да кабарлашса болот. Жекшемби гана эс алуу күнү.