Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев алгачкы чет өлкөлүк иш сапарын Россияга жасады.
Кечээ Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы, Россия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушуулар болду. Ал эми бүгүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болот. Тараптар эмне жөнүндө сүйлөштү, өлкөнүн башкы дипломаты кандай маселелерди чечүүнү көздөп жатат, кесиптешибиз Мирбек Молдакунов кененирээк айтып берет.