Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Парламенттеги 10 го чукул эл өкүлү демилгелеген бул долбоорду 83 депутат колдоду.
Чукул конституциялык реформа эмнеге алып келет, коомчулук бул кадамга кандай баа берүүдө?
24 Окт 2020
, 13:21
805