Ош шаардык төрөт стационары коронавируска кабылган кош бойлуу энелерге жана ымыркайларга жардам көрсөткөн жалгыз мекеме. Мында күнүнө 35тен 40ка чейин төрөт кабыл алынат. Ушул тапта, жугуштуу тумоону жуктуруп алган 17 кош бойлуу эне дарыланууда, анын төртөөнүн абалы өтө оор экени айтылат.
Жаздан бери мында эмгектенген 40тай медицина кызматкери иш учурунда ковид жугузуп алган. Азыр, мекемеде жугуштуу оорулар үчүн атайын "кызыл тилке" даярдалган. 90-жылдары экспулатацияга берилген төрөт үйү учурда капиталдык оңдоого муктаж. Мында былтыр 11 миң 500 наристе жарык дүйнөгө келген.