Сауд Аравиясы Кыргызстандын жарандарына кичи ажылыкка барууга уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына кошкон жок. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Билдирүүдө, 1-ноябрдан баштап дүйнөнүн 108 өлкөсүнүн жарандары Мекке шаарына бара алышат. Алардын арасында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусия бар.
"Сауд Аравиясына келе элек 20 өлкөнүн катарында Кыргызстан "сары" категорияда. Дүйнөнүн 56 өлкөсү "кызыл" категорияга кирди, алардын жарандары өлкөгө кирүүгө толук тыюу салынган. Булар Россия, Украина, Британия, Америка Кошмо Штаттары" деп белгилешет муфтият.
Эске салсак, Сауд Аравиясы Умра туристтик сапарын улантып, 23-сентябрдан баштап үч баскычта Меккенин негизги кооз жери - Аль-Харам мечитинин ачылышын жарыялаган.