COVID-19: илдет жуктургандардын саны көбөйгөндүктөн стационарларда орундар азайууда
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандар үчүн бүгүнкү күндө 75 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын адистери билдиришти. Алардын айтымдарында, маалыматтар күнүнө 4 ирет жаңыланып турат.

Күндөн-күнгө ковид-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны арбып жаткандыктан стационарларда орундар азайууда. Маселен 92 орунга ылайыкталган шаардык 1-клиникалык ооруканада учурда бир орун гана бош.