Россиянын Тышкы иштер жана Финансы министрликтери менен кызматташуулар талкууланды
Новость www

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков 27-28-октябрда иш сапар менен Москвага барып келди. 

Айдарбеков өзү билдиргендей, сапар дипломатиялык каналдар аркылуу натыйжалуу иштелип чыккан. 

«Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги жана Финансы министрлиги менен кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды. Тышкы саясат - бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан, натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек», - дейт Айдарбеков.