Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды
Новость www

Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кабыл алынды.

Анын талапкерлигин 64 депутат колдоп, 36 депутат каршы болду.

Арыздын негизинде чакыртып алынган Атыр Абдрахматованын ордуна Акылбек Сариев келди. Эске салсак, Акылбек Сариев 2010 жана 2011-жылдары БШКнын төрагасы болгон.

Анын жетекчилиги астында Борбордук шайлоо комиссиясы 2010-жылдын июнь айында референдум, парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөргөн.