Кийинки жуманын башында Кыргызстанда суук болот
Новость

Кийинки жуманын башында Кыргызстанда жаан, кар жаап, айрым жерлерде суук болот. Синоптиктердин маалыматында, 9 жана 10-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш аймактарында кар жаайт. 

Өлкө боюнча абанын температурасы күндүз 10-12 градуска төмөндөйт.