Ден соолугуна байланыштуу Айпери Медет кызы «Poland Open» мелдешинде килемге чыкпайт
Новость www

Айпери Медет кызы эл аралык мелдеште ден соолугуна байланыштуу килемге чыкпайт. Мындай маалыматты кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Избеков билдирди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Учурда «Poland Open» эл аралык мелдешине катышууда.

“Пандемия учурундагы биринчи эл аралык мелдеш Польша мамлекетинде өтүп жатат. Бул мелдешке катышуудан тышкары Россия, Турция мамлекеттеринин кыз-келиндер курама командаларын кошуп чогуу окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Буюрса алдыда чоң пландар турат. Бул иштер Кыргызстан курама командасын эл аралык лицензиялык мелдештерге, Олимп оюдарына жогорку деңгээлде даярдык көрүү максатында аткарып жатам”, - деди кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Избеков.

Ошондой эле, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы «Poland Open» эл аралык мелдешинде килемге чыкпагынын кошумчалады. Бул чечим спортчунун ден соолугуна байланыштуу кабыл алынды. 

Эскерте кетсек, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Польшанын Спала шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.