Эпидемиологиялык абал курч бойдон
Новость

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус пневмонияны эсепке алганда 570 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 416 адам айыгып чыккан. Каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ош облусунда. 

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 444 бейтап, үй шартында 3 миң 892 киши дарыланууда. “Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 56сы канааттандырарлык абалда, 2 миң 259 киши - орточо оор, 988 адам - оор жана 141 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

 Ошондой эле акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 3 медицина кызматкери сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 654 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 445 медкызматкер айыгып чыкты. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 960ты түзөт. Алардын ичинен 54 миң 774 адам айыгып чыккан, 1 миң 185 киши каза болгон.