Ысык-Көлдөгү балык чарбаларын өнүктүрүү
Новость

Айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана милиорация министри Тилек Токтогазиев БУУнун азык түлүк программасынын аймагындагы Финдляндия өкмөтү каржылаган балык чарбасын өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Долбоор Тоң районунда "Тоң балыгы" кооперативинде сатыкка чыгуучу балыктарды өстүрүү боюнча иш алып барат. Сапардын алкагында Тоң мамлекеттик балык заводунун иши да көрсөтүлдү. 

Учурда ФАОнун колдоосунда карп жана сига балыктарынын жумурткасы үчүн инкубациялык цех курулууда. Анда чоңойгон балыктар Ысык-Көлгө кое берилет. Министр балык чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тармакты өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. ФАОнун өкүлү Аднан Куреши долбоордун максаты коммерциялык ишмердүүлүк жана экономикалык пайда эле эмес, Кыргызстандын көлдөрүндөгү биокөптүрдүүлүктү сактоого жардам берүү экенин белгиледи.