Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берди
Новость www

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун ЖМК өкүлдөрү менен белгиленген жолугушуусу болуп өттү.

Анда Садыр Жапаров буларга токтолду:

Кышка даярдык жакшы. Көрүлгөн камылга апрель-май айларына чейин жетет. Муну менен катар коронавируска болгон даярдык дагы камсыздалган. Медикаменттер 3-4 айга жетээрлик деңгээлде. Өнөктөш өлкөлөрдөн дагы жардам ирээтинде дары-дармектер келүүсү күтүлүүдө.

Учурда өлкөдөгү экономикалык абал орточо. Бирок ага карабастан, бул жылдын айлык акыларын толук төлөп берүүгө аракеттенебиз. Буйруса бул абалдан чыгуу жолдорун издеп жатабыз. Айлыкты жогорулатуу азырынча эрте. Бир аз убакыт керек. Айлык акыны 40%га көтөрүү планда бар. Бул эсеп менен 2,5 млрд сомго туура келет.

Жакынкы 2-3 айдын аралыгында көмүскө экономиканы 10%дан 100%га чейин ачыктайбыз.

Камакта жаткан 2 миңге жакын адам амнистияга учурайт. Көпчүлүгү адилетсиз чечим менен эркиндигинен ажыратылган. Биз миңдеген адамды жүйөөсүз камап, өлкөгө миллиарддаган чыгым алып келуүдөбүз, алгачкы сапка балалуу жана боюнда бар аялдар кирет.

Акыркы айда өлкөгө 100дөй инвестор келди. Эгерде эки тараптын тең кызыкчылыгы бирдей болсо, биздин өлкө инвесторлор үчүн ачык. Бул чет өлкөдөгу эмгек мигранттарыбыздын мекенине кайтуусун шарттайт. Жумушчу орундардын жоктугу, айлык акынын аздыгы жарандарыбыздын чет өлкөгө чыгуусунун негизги себеби. Инвесторлорду тартуу менен жакынкы аралыкта 20-30 миңдик иш оруну менен камсыз кылганы турабыз. Муну менен катар көп жылга, пайызсыз турак жай маселесин чечсек мигранттардын өлкөдө кармалуусуна толук шарт түзүлөт.

Пандемия жумушсуздугу калктын аялуу катмарына терс таасирин тийгизди. Биз бул абалды эске алып, бюджеттен сырт 1млрд 200миң сомго үч айлык насыясын толук жаап берүүнү туура көрдүк.

Эскерте кетсек, жолугушуу 150гө жакын жергиликтүү жана эл аралык журналисттердин катышуусунда орун алды.