ӨКМ: Маевка айылында катталган тилсиз жоодон эки адам каза болду
Новость www

Бишкектин четиндеги Маевка айылында үй менен кошо эки киши өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маевка айылында турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Анын кесепетинен эки адам каза болгон. Алар учурда эки маркумдун аты-жөнү, ким экендиги такталып жаткандыгын кошумчалашты. Өрт өчүрүүчүлөргө тилсиз жоо тууралуу маалымат түнкү 3:58де түшкөн. Саат 4:43тө тилсиз жоо чектөөгө алынып, толугу менен саат 8де өчүрүлгөн.