Парламенттик шайлоодо нааразычылыктарды жараткан каталардын кайталанышына жол берилбейт. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу жана шайлоо даректерин массалык түрдө өзгөртүүгө жол берилген. Мамытканов белгилегендей, алдыдагы президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болбойт.
Президенттик шайлоого даярдык
19 Нояб 2020
, 21:57
1621