Талкууланып жаткан баш мыйзамда президент менен өкмөттүн аппараты бир болот
Новость KTRK/videograp

Талкууланып жаткан баш мыйзамда президент менен өкмөттүн аппараты бир болот. Премьер-министрлик кызмат жоюлуп, аткаруу бийлигинин башында мамлекет башчысы турат. 

Мындай зарылчылык жоопкерчилик маселесинен улам келип чыкканы айтылууда. Өлкөдөгү, экономикадагы өзгөрүүлөргө бир адам жооп берсин деген идея көтөрүлүп жатат.