Украинадагы Чернобыль кырсыгына быйыл 34 жыл толот
Новость www

Украинада орун алган Чернобыль кырсыгына быйыл 34 жыл болду. Адамзаттын тарыхындагы эң чоң атомдук кырсыктын кесепеттерин жоюуга миңдеген Кыргызстандыктар катышкан. 

Буга байланыштуу Россиянын Чернобыль Бүткүл Россиялык союзу жана Кыргызстандын Чернобыль Союзунун ардагерлеринин коомдук бирикмеси тарабынан министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине медалдар тапшырылды. 

Ошондой эле өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө жан үрөп эмгектенип, айырмаланган кызматкерлер дагы сыйлыкка татыды.