АКШ менен Кыргызстандын экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды
Новость www

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШ элчиси Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, онлайн жолугушууда тышкы иштер министри Казакбаев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лу саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады. Элчи эки тараптуу кызматташтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн белгиледи. Эки тарап тең калган маселелерди тез арада чечүүгө үмүттөнөөрүн билдиришти.