Парламент референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
Новость www

Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.Добуш берүү учурунда 63 депутат катталган.Төрт эл өкүлү - Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев каршы добуш беришти.

Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынгандыгын белгиледи. Документте кыргыз эли башкаруунун кайсы формасында - парламенттик же президенттик мезгилде жашоону каалагандыгы сунушталат.

Эскерте кетсек, өткөн жумада депутаттар кворум чогулта албай, добуш берүүнү кийинкиге калтырышкан.