Каржылык ачыктыкты камсыздоо
Новость www

Өлкөдө мамлекеттик бюджеттин сарпталышы боюнча маалыматтар 63% ачык. Бул тууралуу Каржы министрлигинде өткөн жыйында айтылды. Анда бейөкмөт уюмдар министрликтин ачыктыгын дагы арттыруу багытында бир катар сунуштарын беришти. Министрликтин адистери акыркы эки жылда бюджеттин каражаттары тууралуу кеңири маалымат берилип жатканын айтса, аймактардан келген өкүлдөр элет жеринде бөлүнгөн каражаттын сарпталышы боюнча маалыматтар ачык экенин айтышты.