Ош ОИИБ: Бир жума ичинде 69 кылмыш жана 37 жорук катталды
Новость www

Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башка тийиштүү кызматтар менен биргеликте Ош облусунун аймагында COVID-19 илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык иштерди тынымсыз  жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 14–декабрынан 20-декабрь күнүнө чейинки убакытта  Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана  37 жорук иши катталган. Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен - 86 бети ачылган. Урдоо - 1, Авто каражатын айдай качуу - 2, алдамчылык - 13, жол унаа кырсыгы - 13, Бейбаштык - 2, ден соолукка жеңил зыян келтирүү - 7, майда бейбаштык - 9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык - 1, орчунду эмес өлчөмдөгү урдоо - 2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун мыйзамсыз өндүрүү - 1  жана башкалар - 33.