Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндөгү жалпы аянты 85 сотык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын прокуратурасы Ахунбаев көчөсүндөгү жалпы аянты 85 сотык жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аталган жер 2009-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен маданий жана ден соолук чыңдоочу комплекс куруу үчүн ЖЧКга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бирок ЖЧК аталган токтомдогу түзүлгөн келишимдин талаптарын одоно бузуп, жер тилкени бүгүнкү күнгө чейин өздөштүргөн эмес. 

Ал эми жер пайдалануу боюнча карызы 2011-жылдан бери 2 миллион 185 миң 560 сомду түзгөн. Ошондой эле прокуратура тарабынан быйыл ижарага берилген жер тилкелерине байланыштуу 18 мыйзам бузуу аныкталган. 

“Жер тилкелерин ижарага алгандар жерди иштетүүдөн эмес, пайдалануу укуктарын үчүнчү жактарга сатуу жолу менен пайда көрүүнү көздөшкөн. Бул жылы келтирилген прокурордук актыларынын жыйынтыгы менен мамлекетке 8 миллион 247 миң 936 сом акчалай түрүндө жана 45 млн сомго бааланган 5 жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды”, деп айтылат билдирүүдө.