Сузак районунда менчикке өтүп кеткен бала бакча кайтарылды
Новость www

Сузак райондук прокуратурасы 74 сотык жер тилкеси менен кошо жеке менчикке берилип кеткен эки кабат бала бакчаны муниципалдык менчикке кайтарды. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 140 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому менен "Жүзүм-Шарап" акционердик коомуна өтүп кеткен. Аталган токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн кошумча буйругу кабыл алынып, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан жер участогу жеке колго өткөндүгүн күбөлөндүргөн мамлекеттик акты берилген. Бала бакчанын баасы 15 миллион 662 миң сомду түзөт. 

“Соттук процесстердин жыйынтыгы менен менчик болуп кеткенин күбөлөндүргөн бардык чечимдер жокко чыгарылып, бала бакча толугу менен мамлекетке кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.