Бүгүн КТРКнын башкы директору ачык сынактын негизинде шайланат
Новость www

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору бүгүн шайланат. Азыркы тапта ачык сынактын негизинде арыз таштаган 15 талапкердин 13ү программаларын жактап жаткан учуру. 

Ар бирине 20 мүнөттөн убакыт берилип, суроо-жооп иретинде жыйын өтүүдө. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн айтымында, 5 жылдык эмгек стажы, коомдук каналдын макамын жогорулатуу боюнча программалары каралууда. 

Жыйынтыгында Байкоочу кеңештин үчтөн эки бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер Коомдук каналдын директору болуп дайындалмакчы. Белгилей кетсек, ачык сынак 27-октябрда жарыяланган.