Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 64 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 5 кишиден табылган. Ошол эле учурда 294 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 93 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 756 бейтап дарыланууда. Ошондой эле, бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 114 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 918 медкызматкер айыгып чыккан. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 34 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 75 миң 918 киши айыгып чыкса, 1 миң 355 адам каза болду.