Жаңы жылда 379 ымыркай жарык дүйнөгө келди
Новость KTRK/videograp

Жаңы жылдын келиши менен Кыргызстандын калкынын саны дагы 379 адамга көбөйдү. Бул ирет жарык дүйнөгө келген ымыркайлар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк төрөлдү. 

Ошондой эле бир түндө өлкө боюнча эки эне эгиз ымыркайлуу болду. Бири Жала-Абад облусунан, экинчиси Ысык-Көлдөн.