Президенттик шайлоо жана референдумдун өтүшүнө 315 эл аралык байкоочу көз салат
Новость www

Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга карата эл аралык байкоочуларды каттоо аяктады. 

БШКнын маалыматы боюнча 40тан ашык өлкөдөн эл аралык байкоочулар аккредитациядан өткөн. Бул көрсөткүч октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого караганда көп. Эми алар 10-январда шайлоо тилкелеринде болушуп, добуш берүү жараяндарына жеринде байкоо салышат.