Ошто ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда алгачкы ирет ачык жолугушуу уюшулду
Новость

Ошто ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда алгачкы ирет ачык жолугушуу уюшулду. Ишкерлердин укугун коргоого багытталган аянтчада бир катар көйгөйлөр айтылды. Пандемияга карабай, өткөн жылы шаарга 5 млрд сомдой инвестиция тартылса, мунун 65 пайызын ички инвесторлор түзгөн. 

Былтыр Ош шаарына 5 млрд. сомдон ашык инвестиция тартылган. Көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10 пайызга төмөн. Пандемияга карабай, шаар ичинде жаңы 1 миң 500дөй туруктуу иш оруну ачылган.