УКМК: Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров 2 айга камакка алынды
Новость www

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди. 

Айтымында, 2020-жылдын 31-декабрында райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык, Мирлан Амантуров 2021-жылдын 28-февралына чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Ал 29-декабрда ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонууга шектелип кармалган.