Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабдын отуруму болуп өттү
Новость www

 Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штаб шайлоо өнөктүгүнүн акыркы даярдыктары боюнча жыйын өткөрдү. Анда бардык тиешелүү кызматтардын камылгасы айтылып, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүүчү жабдыктардын даярдыгы, коопсуздук чаралары, саламаттыкты сактоо деңгээли талкууланды.