Саламаттыкты сактоо министрлиги БШК менен биргеликте жарандардын саламаттыгына камкордук иретинде шайлоо маалына атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Учурда республика боюнча бардык шайлоо тилкелерине БШК тарабынан вирустан коргонуучу медициналык каражаттар жеткирилди.