Шайлоого карата "119" Call-борбору күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады
Новость www

Шайлоого карата "119" Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. 

Кызматкерлер майрам, дем алыш күндөрү дагы эл кызматында болушат. Шайлоо күнү, 60тан ашык оператор телефон чалууларга жооп берет. 119 ыкчам байланыш борборуна чалуулар бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн акысыз. Мындан тышкары, жарандарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн жабдыктарды даярдоодо 120 кызматкер иштеп жатат. 

Шайлоо маалында, республика боюнча "Инфокомдун " 420 кызматкери иштеп, шайлоочуларды идентификациядан өткөрүүгө 6200 комплект жабдык колдонулат. Кошумча резервдик жабдыктар дагы даярдалат.