Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады
Новость www

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады. 

Путин эки өлкөнүн ортосундагы байланышты мындан ары өркүндөтүүгө ишенерин билдирди. "Президенттикке шайланганыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз", - деп айтылат Путиндин Жапаровго жолдонгон телеграммасында. 

Россиянын президенти Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мүнөзгө ээ экендигин белгиледи.