Кытай Кыргызстандын тандап алган өнүгүү жолун ар дайым урматтай турганын билдирди
Новость www

Достук мамиледеги коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары Кытай Кыргызстандын тандап алган өнүгүү жолун ар дайым урматтайт. Мындай маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги таратты. 

Анда Кыргызстан маанилүү саясий процесстерди мыйзам чегинде ийгиликтүү аяктап, өлкө туруктуулугун сактап, мамлекеттин өнүгүүсүн жүзөгө ашырат деген терең ишенич айтылат. Кытай тарап эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетип, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелериндеги кытай-кыргыз алакасын өркүндөтүүгө даяр экендигин билдирет.