Медициналык мекемелерди ирилештирүү иштери жүргүзүлөт
Новость www

Медициналык мекемелерди ирилештирүү иштери 2019-2030 - жылдардагы "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Анда тармактагы кадрдык, каржылык жана материалдык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу сыяктуу бардык баскычтарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Раякан Боркунова саламаттык сактоо тармагында 37 жылдык тажрыйбасы бар. Бул арада дарыгер совет учурундагы система менен да иштеп, эгемен алгандан кийин бир топ реформаларды да баштан өткөрдү. Медицина тармагында төмөнкү тепкичтерден баштап жетекчилик кызматка чейин жеткен Раякан айым, кандай гана реформа болбосун элдин саламаттыгы үчүн эмгектене берерин айтат.