Өзгөн районунда жеке клиникадан өрт чыкты
Новость www

Өзгөн районунда жеке клиникадан өрт чыкты. Анда дарыланып жаткан 10 бейтап эвакуацияланып, жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды. 

Өрттөн колунан 2-даражада күйүк алган бейтапка медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы жакшы деп бааланууда. Бул туурасында клиниканын жетекчиси билдирди. 

Кырсык, 12-январда болжол менен кечки саат алтылар чамасында катталган. Андан имараттын чатыры, 16 бөлмөдөгү медициналык жабдуулардын баары керектен чыккан. Бейтапкана Өзгөн райондук ооруканасынын аймагында жайгашкан. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.