Эл ташыган маршруттук каттамдардын жол кире маселеси май айында чечилет
Новость www

Борбор калаада эл ташыган маршруттук каттамдардын жол кире маселеси май айында чечилет. Бул боюнча шаардык мэрия Экономика министрлигине кат жолдоду. 

Алар толук карап чыккандан кийин, мэрия тиешелүү чечимди кабыл алат. Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев транспорттук компаниялардын жетекчилери жана айдоочулар менен жолугушту.