Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Радбек Эшмамбетов узакка созулган оорудан улам 20-январга караган түнү 72 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Радбек Эшмамбетов кесиби боюнча инженер-гидрокуруучу болгон. Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Кара-Көл ГЭСинде мастер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин узак жылдар бою энергетика тармагындагы жооптуу кызматтарда, советтик, партиялык кызматтарда иштеген.
Легендарлуу парламенттин депутаты, өзгөчө кырдаалдар жана экология министри, өкмөт аппаратынын башчысы-министр болуп иштеген. Кийин Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеген. Радбек Эшмамбетов кесипкөй адис, мыкты уюштуруучу катары бааланып келген. Ал 1949-жылы 29-августта туулган.
www